Ошто айдоочу менен унаа оңдогон устанын ортосунда чатак чыгып, бир адам каза болду
Ош шаарында унаа оңдоочу
жайдан чыккан мушташтын айынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңжал унаасын оңдоткон айдоочу менен оңдогон устанын ортосунда чыккан. Бузулган унаа оңдолуп бүткөн соң төлөй турган акчаны келише албай урушуп кеткен. Ошол кезде устанын 46 жаштагы атасы А.Х. окуя болгон жерде болгон, чыр-чатакты көргөн ал эсин жоготкон. Андан соң Ош шаардык ооруканасынын
жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок эсине келе албаган калыбында каза тапты. Милиция
кызматкерлери тарабынан окуяга күнөөлүүлөр кармалып, аларга карата кылмыш иши козголду.
Учурда окуяга күбө жарандар суралууда.