Лейлек районуна караштуу Бешкент айылында курма кызуу жыйналууда дейт окурман. Бул тууралуу ал "Элдик кабарга" билдирди.
"Курма бышып, багбандар аны жыйноодо. Быйыл курма дарактары түшүмдү жакшы берди. Жеринен килограммын 15-20 сомдон алып кетишүүдө", - деп маалымдалат кабарда.
Белгилей кетсек, Бишкекте курманын баасы 60 сомдон 80 сомго чейин сатылууда.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.