Бишкек шаарынын тургундары, №28-мектептин 2 окуучусуна милиция издөө салууда. 9-ноябрда Бишкек шаарындагы Панфилов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги №28-мектепке кеттик деп үйлөрүнөн чыгып кеткен Тургуналиева Сезим Мыктыбековна жана Мухамед кызы Азиза изделүүдө.
Сезим Тургуналиева 2004-жылы туулган. Ал ошол күнү Бишкек шаарындагы Оренбургская көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен. Белгилери: бою 155-158 сантиметр, толмоч дене мүчөлүү, чачы узун, күрөң түстө. Бутуна агыш түстөгү жылуу макасины, үстүнө кара түстөгү пальто, кара юбка кийип жүргөн. Ошондой эле көгүш түстөгү рюкзак асынган.
Ал эми 2005-жылы туулган Мухамед кызы Азиза дагы ошол эле күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Аламүдүн районундагы Кырман жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Белгилери: 155-160 сантиметр, орто дене мүчөлүү, чачы орточо узундукта, күрөң түстө. Бутунда ботинка, кара түстөгү юбка, үстүнө кочкул көк түстөгү күрмө кийип жүргөн.
Кыздар "28-мектепте бир класста окушат. Алар 9-ноябрь күнү мектепке барышкан эмес. Ошондой эле көргөн-билгендердин айтымында, ошол күнү саат 14:45 чамаларында VEFA соода борборунун кинотеатрына киришкен. Ал эми Биринчи Май РИИБине 9-ноябрь күнү кечки саат 9дарда алардын ата-энесинен арыз келип түшкөн.
Жогоруда изделип жаткан кыздардын жүргөн жери же алар тууралуу көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефон номерлерге байланышып коюуну милиция сурайт:
Сезимдин туугандары: 0 (704) 900 580 (атасы Мыктыбек), 0 (709) 681 019 (эжеси Мээрим)
Азизанын атасы: 0 (772) 669 424.
Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмү: 0 (312) 56 60 43 же 102.