Бүгүн, 10-ноябрда Илим күнүнө карата билим берүү тармагынын өкүлдөрү, шаардык мектептердин директорлору жана ата-энелер мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу маселеси боюнча маалымат-жыйын өткөрүшүүдө. Билим берүү тармагында эмгектенгендердин айтымында, соңку учурда мектептерде окуучулардын ата-энелеринен оңдоп-түзөө иштерине деп акча чогулткан учурлар көп катталып, ата-энелердин нааразычылыктарын жаратууда. Мындай билдирүү эл аралык көз карандысыз "Булан" институту мекемеси тарабынан жарыяланган.
Маалыматта, мугалимдер окуучулардан белгилүү өлчөмдөгү каражат талап кылып, аны төлөй албаган ата-энелердин балдарына классташтарынын көзүнчө кыйкырып, басынткан учурлар көп кездешкени айтылат.
Бул боюнча мектеп директорлору өз ойлорун билдиришип, акча чогултуунун себебин мектептерге мамлекет тарабынан жетиштүү жардам көрсөтүлбөй жатканы менен түшүндүрүштү.
"Биз ата-энелер фондуна түшкөн каражаттарды самын, чүпүрөк, бор сыяктуу санитардык буюмдарды алууга жумшайбыз. Ашыкча акча алган жерибиз жок", - дешти.
Ал эми көз карандысыз адистин айтымында, мектептерде акча чогултуунун зыяны жок, болгону ошол каражат эмнеге жумшалганын ата-энелерге түшүндүрүп берүү керек.
"Азыр ата-энелер деле мектептерге жардам берүү керектигин түшүнүп калышты. Сапаттуу билим алуу үчүн ылайыктуу шарт болушу керек. Бирок ошол чогулткан акча эмнеге жумшалганы белгисиз бойдон калбашы шарт. Мисалы, кээ бир мектептер даараткана салууга деп акча чогултушат. Кийинки жылы да ушул эле шылтоо менен акча чогулткандар болот. Бул нерсе ата-энелердин кыжырына тиет. Ата-энелерди чогултуп, каражат эмнеге жумшалары тууралуу кенен маалымат берип, кийин анын жыйынтыгын көрсөткөндө эч кандай түшүнбөстүк жаралбайт болчу", - деди ал.