КҮНСЕРЕП: Шайлоодо "жеңилип берген" жетекчилер кызматтан алынып жатабы?

Бүгүн, 10-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн Бишкекте айрым мөңгүлөрдү талкалоого жол берчү мыйзам долбооруна арналган тегерек стол өттү. Анда өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык активисттер катышышты. Бул иш-чараны уюштурууга эки күн мурун Бишкекте өткөн нааразылык акциясы түрткү болду. Эске салсак, 8-ноябрда аталган долбоорду артка кайтаруу талабы менен митинг Ак Үйдүн алдында өткөн. Депутаттар мөңгүлөр маселесин тегерек столдо чогуу талкууну убадалап элди тараткан.

Ошентип күтүлгөндөй эле бүгүнкү тегерек стол кызуу талаш-тартыш менен өттү. Мөңгүлөрдү сактап калууну көздөгөн жарандык активисттер менен мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берүүнү туура көргөн өкмөт мүчөлөрү бир пикирге келе алышпады. Биринчи тараптагылар көбүнчө суроолорду берип жатты, чиновниктер болсо "эгер Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзүүгө уруксат берилбесе, "Кумтөрдө" чоң кырсык болот, иш токтоп калат, "Кумтөрдөн" казынага төлөнүүчү миллиондор азаят" деп ынандырууга аракет кылып жатышты. "Кумтөр" ишин токтотот, мөңгү сүрүлүп түшүп, кенди басып калат" деген шаштыруу аракеттери парламентте мурун да болгон. Бирок андан бери 2 жыл өттү, "Кумтөр" кадимкидей ишин улантууда.

Бул мыйзамды кабыл алуу же кабыл албай коюу Жогорку Кеңештин колунда. Бирок ушундай маанилүү маселени талкуулоого парламенттин эки гана өкүлү келди. Депутат Алмаз Эргешов катышканы гана болбосо талкууга аралашпай, үн катпай отурду. Ал эми парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы катары келген Айтмамат Назаров анча-мынча кепке аралашып жатты. Комитет башчысы мөңгүлөр боюнча маселе Жогорку Кеңеште кийинки аптада карала турганын маалымдаганы гана маанилүү болду. Кызыгы, ал мөңгүлөрдү талкалоого жол берчү мыйзам долбоорун артка кайтарууга макулдугун билдирип, ошол эле учурда мыйзамдын тагдырын 120 депутат чече турганын белгиледи. Анын позициясы "Мен эл мененмин, бирок чечим туура эмес чыгып калса, менден көрбөгүлө" дегендей кабыл алынды. Жыйынтыгында тегерек стол жаңжал менен аяктап, активисттер митингдерди уюштуруп, ачкачылык жарыялоого чейин барууга даяр экенин айтышып, чиновниктер жана депутаттар менен коштошпой тарап кетишти. Албетте, өкмөт коомчулуктун пикирин угуу үчүн тегерек стол уюштурганы туура көрүнүш, бирок "галочка" үчүн гана жасалып, элдин үнүнө маани берилбей кала бергени кейиштүү болот...

1962-жылкы Бактыбек Кудайбергенов Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү кызматынан бошотулуп, анын ордуна 1979-жылы туулган Улан Карагулов дубандын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Бул кадрдык алмашууну кадыресе көрүнүштөй кабыл алууга болот, бирок бир жагдай бар.

Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов өлкөнүн эки облусунда добуштардын саны боюнча атаандашы Сооронбай Жээнбековдон озуп чыккан. Бири – туулган жери Талас болсо, экинчиси ушул Чүй. Таластагы айырма 60 миңге жакын, тагыраагы Жээнбеков 10 миңдей, Бабанов 67 миңден ашуун добуш алган. Ошол 10 миңге жакын добуш жана шайлоодон кийин облуста митингдерди күчөтпөй, токтотуп калуу Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп турган Дайыр Кенекеевдин жакшы “салымы” болду. Андыктан Кенекеев шайлоодон кийин вице-премьер-министр болуп борборго келди. Ал эми Чүйдөгү артта калуу 30 миңдей добушту түзгөн. Мындай көрсөткүч үчүн Кудайбергенов кызматынан кол жуудубу деген суроо туулат. Шайлоонун жыйынтыгы себепчи болсо, анда облустук жетекчилерден кийин жакынкы аралыкта шаар, район башчылары арасында кадрдык өзгөрүүлөр орун алат деп күтүүгө болот...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан