Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти, академик Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Байрак айылында туулган.
1961-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган.
1968-жылы - Ленинграддагы Так механика жана оптика институтун бүтүп, аспирантурага тапшырган.
1980-жылы - Москвадагы Инженердик-физикалык институтта докторлук диссертациясын жактаган.
1984-жылы - Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланып, ошол эле жылы аталган академиянын академиги болгон. Ал эми 1989-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти болуп эмгектенген. Аскар Акаев - профессор, Орусиянын Илимдер академиясынын ардактуу доктору жана чет өлкөлүк мүчөсү. Ал 7 ойлоп табуунун, 43 макаланын, 150 чамалуу илимий иштердин автору жана илимдин 20 талапкерин, 3 докторун даярдаган.
Аскар Акаев Кыргыз мамлекетинин президенти болуп, 1990-жылы 27-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда 179 депутаттын колдоосу менен шайланган. Туура бир жылдан кийин 1991-жылы октябрь айында болгон шайлоодо жана 1994-жылдын январь айында өткөн элдик референдумда мамлекет башчысы болуп биротоло бекитилген. Андан кийин 1995-жылы президенттик шайлоодо дагы бир жолу мамлекет башчылыгына шайланган. Ал эми 2000-жылы 29-октябрда Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын президенттигине 3-жолу шайланган.
2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп жетип, анын натыйжасында Акаев Кыргыз мамлекетинин аймагынан чыгып кеткен. 2005-жылы 5-апрелде өзүнүн президенттик кызматтан кеткени тууралуу расмий арызын жазган.
Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева 30дан ашык илимий эмгектин автору. Ал А.Акаевдин президенттик мөөнөтү учурунда "Мээрим" кайрымдуулук фондун жетектеп турган. А.Акаевдин Айдар, Бермет, Саадат, Илим аттуу уул-кыздары бар.
Аскар Акаев 2010-жылдын декабрь айында "Супер-Инфо" гезитине маек берип, илим менен көп ийгиликтерди багынтып келе жаткан кезинде саясатка келгенине айрым учурда өкүнөрүн айткан.
Акаев 2006-жылы май айында маалыматты оптикалык жолу менен иштеп чыгуу тармагындагы көрүнүктүү изилдөөлөр үчүн Орусия Илимий Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү катары шайланган.
2009-жылы - "Дүйнө динамикасынын системдик анализи жана математикалык моделдөө" программасынын Орусия Илимий Академиясынын президиумунун координатору болгон.
2014-жылы академик Акаев Орусияда Москва мамлекеттик университетинде профессор. Орусиянын Илимдер академиясынын дүйнөлүк динамиканы комплекстүү анализдөө жана моделдөө программасынын координатору болуп иштеп жатканы айтылган.
Аскар Акаев коомдук илимдерди өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн 2012-жылы Н.Д.Кондратьев атындагы алтын медаль менен сыйланган.
10-ноябрдын жылнаамасы.