СУПЕРСТАН: "Бишкек-Ош жолу кандуу болуп жатат. Кырсык болгон жерлерге куран окуп, жыт чыгарып коюу керек"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жол кырсыктары качан азаят? Алакандай элибиз азайып кетмей болдук го" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Күн сайын "жол кырсыгы катталды", "жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти", "маршруттук такси аңтарылып кетти" деген жаңылыктар көбөйүп кетти. Унаа менен жүрүү эмес, жөө жүрсөң да кооптуу болуп калды. Кечээ жолдун жээгинде турган адамдарды унаасында селфиге түшүп келе жаткан айдоочу сүзүп кетти. Нонсенс! Айтор, билбейм эмне дешти. Ар бир адам өзүнүн кылган ишине, тартибине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу керек".

"Бишкек-Ош жолу кандуу болуп жатат. Кырсык болгон жерлерге куран окуп, жыт чыгарып коюу керек деп ойлойм".

"Жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн биринчи ирет коррупцияны жоюш керек. МАИ кызматкерлери таза иштесе, бир аз азайса керек. Жол кырсыгынын алдын алуу үчүн ар бир унаага ылдамдыгы саатына 80-100 чакырымдан өткөн соң мээни чага турган сигнал койдуруп, кимде ким ошол сигналды өчүртүп койсо, чоң айып пул төлөтүш керек экен".

"Кырсыктардын көптүгү - бийликтин күнөөсү. Күн сайын канчалаган адамдар жол кырсыктарынан каза болуп жатат. Коррупцияга кекиртегинен баткан бийлик чара көрүп реформа жасаса, жүздөгөн жарандарыбыз тирүү калмак. Жол кырсыктарынын 85-95 пайызы айдоочулардын жол кыймыл эрежелерин сактабаганынан орун алып жатат. Бирок ушунча көп жол кырсыгы болуп жатса да, жылына жүздөгөн-миңдеген жарандар каза болуп жатса да, бийликтин кайдыгер мамиле жасашы - бийлик элдин кырылышын каалайбы деген ойго түртөт".

"Жөө жүргүнчү катары айтсам, ар кимибиз каалаган жерден жолду кесип өтөбүз. Атайын "зебрадан" өтүп жатып шашпай, кулакка наушник салып алабыз. Атайын аялдамада маршрут тоспой, аялдаманын алдынан тособуз, маршрут дагы аялдамага жетпей токтойт. Бул биздин маданиятыбыздын төмөндүгү жана айланадагылардын оюн "уруп ойнобойм" дегендей жоопкерчиликсиздик".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aima94
2017-11-11 15:36:56
Кыргызстанда өзү негизи тартип сакталбайт светофор жашыл күйүп турса да айдоочулар тебелеп кетет мындай айтканда XXXX Маршруткада токтогонго болбой турган жерден пассажир түшсө анан машине аны тебелебей кимди тебелейт?! Маданият өтө төмөн, эркектердин сөгүнүп көчөдө какырынып түкүрүнүп. Айдоочулар отун салгандай тыгып айдайт. Тамеки маршруткада чегишип бири бирине чалып сен кайдасын деп жол кире төлө деп бакырып эээ кайсы бирин айтасын?! Баарыбыз өкмөттү күнөөлөп отураб
0
Aima94
2017-11-11 15:39:01
Ар бир адам өзүнүн тартибин көзөмөлдөп, айдоочулар шашпай айдап, ан сезимин бир жерге коюп өзүнө жооп берсе. Жургунчулор өзүнө жооп бесе болду. Элементарно көп нерсени проблема кылбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан