Америкалык актриса Деми Мур АКШнын Нью-Мексико штатындагы Розуэлл шаарында туулган. Апасы менен өгөй атасы аз камсыз болгон, ичкиликке берилип, улам сайын түрмөгө камалып, кайра чыккан адамдар болгондуктан 16 жашында мектепти таштап, кошунасынын кеңеши менен моделдик кесипке аралаша баштаган.
Андан соң актрисалык өнөргө болгон кызыгуусу күчөп 1982-1983-жылдары "Башкы бейтапкана" сериалына тартылса, 1988-жылы "Жетинчи жышаан" деген фильмде эң алгачкы башкы ролун аткарган. Ал эми "Арбак", "Бир канча жакшы балдар", "Адепсиз сунуш", "Стриптиз" жана башка белгилүү тасмаларга тартылган соң Голливуддун 10 миллион доллар гонорар алган эң алгачкы актрисасы болгон. 1997-жылы "Дубалдар сүйлөсө кана..." киносундагы образы үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болгон.
Актриса буга чейин 3 жолу турмушка чыккан. Биринчи жолдошу Фредди Мур менен 5 жыл бирге түтүн булатып, ажырашкан соң Брюс Уиллис аттуу актёрго турмушка чыккан. Аны менен 13 жыл чогуу жашап, 3 кыздуу болушкан. Бирок бул никеси да туруктуу болбой, жыйынтыгында 3-ирет Эштон Кутчер деген актёр менен үй-бүлө курган. Тилекке каршы, түгөйлөр 6 жылдан соң ажырашып кетишкен.
Деми Мур тууралуу кызыктуу фактылар:
11-ноябрдын жылнаамасы.