Депутат Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ага премьер-министр, спикер катышууда (фото)

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу зыйнатына маркумдун туугандары, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган депутаттар, өкмөт башчы Сапар Исаков жана башка коомдук-саясий ишмерлер катышууда.

"Улан, сенин көп жакшы ой-максаттарың бар эле. Буга чейин жасаган иштериңди биз эч качан унутпайбыз. Кош бол!" - деди Дастан Жумабеков.

Ал эми өкмөт башчы Сапар Исаков маркумдун өзгөчө мекенчилдигин айтты. "Улан бирөөнү басынтпаган, өтө жөнөкөй кичи пейил адам эле. Ал мамлекеттик иш-чараларда болгон күч аракетин жумшачу. Эки жолу өткөн көчмөндөр оюндарында да Уландын салымы чоң болду. Кош бол, Улан!" - деди Исаков.

Чолпонбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Эскерте кетсек, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Улан Чолпонбаевдин көз жумганы белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал боордун циррозу менен ооруган. Депутаттын артында эки кызы калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Eli.91
2017-11-13 10:26:00
Кудай кабыр сурагын женил крыла кор жараткан Аллах кылган куноолорун кечире кор Бейишинден оорун буйура кор.
+11
Nazaroff1974
2017-11-13 10:36:18
Хоптун жайы жаннатта болсун.Камчы браты келди бекен коз корсотуп.Корунбойт го.Кантсе да камчы чабаар жигити эле.Же журналисттер даап суротко тарта алышкан эмеспи.Кантсе да баарыбыздын бараар жерибиз эки метр жер эле.Алла таалам керегин сурабай эле алып кетет эмеспи,ким болсон да.
-6
kechirmeni
2017-11-13 10:56:58
Nazaroff1974,Табаа эмес тообо кылалы туугандар,олгон адамды соз кылган дурус болбой калат го
+6
surgeon777
2017-11-13 12:15:01
Nazaroff1974,сен билип билбей жаза бербе оттоп,мАйлыбы?!
+2
Nazaroff1974
2017-11-13 16:35:07
surgeon777,эмнени билип билбей,тушунсом олойун.Сен нормальный элесинби
+1
bayana1987
2017-11-13 10:48:47
Өлгөн адамды жайынк койсоңор боло урматтуу сынчылар. Анчалык ким келгенин келбегенин билгиңер келсе барбайт белеңер акыркы сапарына. Венок койбойт белеңер. Уят эмеспи. Ылайым жанны жаннатта болсун. Билдирбей сооп иштерди көп жасачу эле.
+1
Meruet84
2017-11-13 11:24:25
bayana1987,негизгиси венок эмес, Куран окуу. Ошол эң кереги ...
+1
Patriot7
2017-11-13 12:34:02
bayana1987, орустар коет венокту!!!
0
bayana1987
2017-11-13 12:37:51
Patriot7,акылдуулар, жогорудагы адамдар жазып жатышат, венок кана деп ошолорго жазып жатам. Эмне коюлаарын же коюлбасын мен эң жакшы билем,лекция окубай эле койгула.
+1
Patriot7
2017-11-13 12:44:02
bayana1987, жогорудагы адам жазса сен тузотуп койбойсунбу, венок койгула озунор дебестен....
0
bayana1987
2017-11-14 08:49:38
Patriot7, коюп коюшуптур. Жазган менен бир тыйын
0
Patriot7
2017-11-13 12:36:19
Окмот адамдары барып, каалоо айтып жаткансып микрофон менен соз суйлошу канчалык дурус, эл таразаласын... Мен учун ото осол корунду...

Анан калса маркумду ауыркы сапарга узатууну фото, видео материал кылып тартып элге сунуу да мага ото осол корунду...

Бул той-тамаша сыяктуу жакшылык эмес го, адамдардын кубанычын болушкудой....

Элестеткиле, жакынын жоготуп кайгысы тоодой болуп турушса, бул жакта журналисттер жургонун суротко, видеого тартып.....
+1
bayana1987
2017-11-13 13:03:20
Patriot7, таанымал кишинин акыркы сапарга узартылып жатканын чагылдыруу бул дүйнөлүк журналистикада бар. Биз андан артта кала албайбыз.
0
bayana1987
2017-11-13 12:38:35
түзөтүп коюптур, башында жазып жаткан Кольбаев келдиби деп жазган адам венок жок го деп жатышкан
0
altynbekimanbekov
2017-11-13 13:00:54
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
altynbekimanbekov
2017-11-13 13:03:17
Комент жазгандар мал болбогулачы Адам отуп атат жон гана конул айткыла
+2
Muslim_KGstana.
2017-11-13 19:33:01
Инна лилляхи уа инна илайхи роджиуун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан