ЭЛДИК КАБАР: "Түн ичинде Ош шаарында өспүрүм бала кайыр сурап отурат, ал жука кийимчен" дейт окурман
Ош шаарындагы "Ынтымак" кафесинин алдында 7-8 жаштагы бала кайыр сурап отурат. Мындай маалыматты "Элдик кабар" рубрикасына окурман WhatsApp аркылуу жөнөттү.
"Мен кечээ, 12-ноябрда түн ичинде саат 23:00дөрдө 7-8 жаштардагы баланын кайыр сурап отурганын көрдүм. Ал жука кийинип алыптыр. Баш кийими да жок болчу. Сыртта аба ырайы суук. Балдарды көзөмөлгө алган мекеме бул абалга көз салыш керек", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.