Бишкек шаарында 16-ноябрда кыргыз-япон улуттарынын музыкалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары бүгүн, 13-ноябрда билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз өлкөсү менен Япониянын дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган. Фестивалдын жүрүшүндө эки элдин тилиндеги ырлар ырдалып, улуттук аспаптар жаңырат.
Ошондой эле фестивалга Япониядан "Кироро" дуэтинин келиши күтүлүүдө. Бул топ Чихару Тамасиро жана Аяно Кинжё аттуу музыкант, ырчылардан турат. Алгачкы ирет дуэт эл алдына 1998-жылы чыккан. Убакыттын өтүшү менен топ популярдуулукка жетишип, "Мирай-е" жана "Best Friend" чыгармалары хитке айланган.
Иш-чара "Сейтек" балдар борборунда өтөт. Кирүү акысыз.