АКШдагы Барби куурчактарын чыгаруучу компания алгачкы жолу хиджаб кийген спортчу куурчактарды чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Белгилүү болгондой, Mattel компаниясы алгачкы жолу хиджаб кийген Барби куурчагын чыгарды. Куурчак америкалык спортчу Ибтихадж Мухаммаддын образында берилген.
Өндүрүүчүлөрдүн айтымында куурчак атайын белгилүү, ийгиликке жеткен айымдарга арналган "Sheroes" сериясында жарык көргөн. Спортчу куурчакты иштеп чыгууда өзү катышкан, ал өзүнүн мисалында кыздарга алдыга умтулууда жана ийгиликке жетүүдө хиджаб эч качан тоскоол болбостугун айткысы келген.
Ибтихадж кичинекей кезинде өзүнө окшош кичинекей, хиджаб кийген куурчактуу болгусу келгенин айтып төмөндөгүлөрдү билдирген:
"Кичинекей кезимде эжемдер менен биргеликте жөнөкөй эле Барби куурчагына атайын өз колубуз менен узун көйнөктөрдү ар түрдүү жоолуктарды тигип алчубуз. Менин ийгиликке жетишериме ишенбегендер үчүн ушул куурчакты арнайм", - деп билдирген өз сөзүндө Ибтихадж.
Куурчактар сатыкка 2018-жылы чыгат.