Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 17-ноябрдан тартып 2000 сом номиналындагы улуттук валютанын алгачкы нумизматикалык эстелик банкнотун чыгарат. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда аталган банктын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2000 сом Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болушунун 25 жылдыгына жана улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына карата чыгарылууда.
"Эстелик банкнот Кыргыз мамлекетинин байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ.
Банкноттун алдынкы бетинде айкөл Манас Аккуласын минип, жоо-жарагы шайма-шай эл четинде, жоо бетинде турган элеси түшүрүлгөн. Банкноттун арткы бетине кыргыз элинин басып өткөн жолун, жакшы жашоого умтулуп, жетишкен ийгиликтерин чагылдырган өмүр дарагы чагылдырылган", - деп айтылат Улуттук банктын маалыматында.
Банкноттун негизги коргоо белгилери:
- Түстүү голограмма. Банкнотту сол жактан оң жагына же тескерисинче алып, жантайтып кароодо "25" деген сан улуттук оюу-чийимге айланып өзгөрөт.
- Микрооптикалык тилке. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо тигинен жайгашкан тилкеде чагылдырылган сүрөттөлүштөр ар башка түстө, көлөмдө кубулуп, чагылышып көрүнөт.
- Көмүскө сүрөттөлүш. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо түркүн түстүү тилкелер пайда болот.
- Банкноттун арткы бетиндеги иридисценттик тилкеде канатын кере жайып, учуп бара жаткан куштун эки түстө берилген элеси чагылдырылган.
- Суу белгиси. Ар тараптан чагылдырылып, түркүн түскө кубулуп көрүнгөн суу белгиси, сандык номиналдын электротиби.
- Өтмө регистр - банкноттун алдынкы жана арткы бетинде бири-бирине дал келтирилип жайгаштырылган айырмалоочу белги. Жарыкка салып кароодо андан "2000" санды көрүүгө болот.
2000 сом номиналындагы эстелик банкноту Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.