Жети-Өгүз районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-майда Жети-Өгүз районундагы абалга карата өзгөчө кырдаал жарыялоо буйругун чыгарды. Буйрукка ылайык, аталган райондо 31-май күнү саат 15:00дөн баштап 10-июнга чейин коменданттык саат киргизилет. Коменданттык саат 21:00дөн 06:00гө чейин аралыкты камтыйт. Ага ылайык, ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев Жети-Өгүз районуна комендант болуп дайындалды. Мындан сырткары буйрукта ИИМге, УКМКга, Коргоо министрлигине, ИИМдин ички аскерлер түзүмүнө, Чек ара кызматына жана ӨКМга аймактагы коомдук абалды көзөмөлдөө үчүн биргелешкен ыкчам топ түзүү боюнча тапшырма берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан