Ысык-Ата районунда мас айдоочунун айынан жүргүнчү каза тапты

29-май күнү Ысык-Ата районунда автокырсык болуп, 1 адам каза тапканын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарынын 45 жаштагы тургуну Сергей С. өзүнүн Ниссан Патфайнер үлгүсүндөгү унаасын мас абалында айдап бара жатканда рулду башкара албай жолдун жээгиндеги даракты сүзүп токтогон. Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын ичинде бара жаткан жүргүнчү, 54 жаштагы Анатолий А. окуя болгон жерден көз жумду. Айдоочу аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыкка байланыштуу тийиштүү иштер жүрүп жатат.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан