Өлүм алдында жаткандар үчүн эң ыңгайлуу музыка аныкталды

Өлүм алдында жаткандар үчүн жана акыркы сапарга узатуу үчүн эң ыңгайлуу музыка аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Белгилүү болгондой, Шотландиянын Vanishing Point театрынын музыканттары Scottish Ensemble музыкалык коллективи менен биргеликте өзгөчө изилдөө жүргүзүшкөн. Алар бул дүйнөдөн кайсы музыка менен акыркы сапарга узоо ыңгайлуу экенин аныкташкан.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана өткөрүлгөн эксперименттердин жыйынтыгында, өлүм үчүн эң ыңгайлуу музыка болуп совет-эстон композитору Арво Пярттын музыкалары аталган. Композитордун эмгектеринин ичинен өлүм алдында жаткан адам үчүн эң ыңгайлуу музыка деп "Эки кыл кыяктын концерти" менен "Кылдуу аспаптар жана Tabula Rasa фортепианосу" аталышындагы композициялары тандалып алынган.

Музыкалык компаниянын директору Мэттью Лентондун билдиргенине таянсак, Пярттын музыкасы түбөлүккө жаңырчудай сезим калтырат.

"Бул музыка өлүм алдында жаткан адамга, өлүмдөн кийин да жашоо бар экенине ишенүүгө жардам берет", - деп билдирген Лентон.

Изилдөөчүлөр мындан сырткары Ла Монте Янг, Филип Гласс жана Иоганн Себастьян Бахтын да музыкалары өлүм менен бет келишкенге эң ыңгайлуу музыкалар экенин белгилешкен.

Арво Пярт "Эки кыл кыяктын концерти"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dalil
2017-11-15 10:18:20
Супер инфо ушундай нерселерди жарыялабай койсоңор жакшы болмок. Себеби окурмандардын көпчүлүгү мусулмандар. Исламда өлүм алдында жаткан адам музыка укпайт. Тескерисинче Аллахтан башка сыйынуучу зат жок. Мухаммед с.а.пайгамбар экенине күбөлүк берүү. Көптөгөн мусулмандарды ушуга окшогон нерселер менен адаштырып жатасыңар.
+32
usta_kg
2017-11-16 21:00:23
Dalil, эң туура айттың, жаны чыгып баратканда акыркы сөзү келме мн аяктаса, андан өткөн бактылуу адам жок, эгер музыканы угуп ошонун күүсү менен кеткен адамга акыретте өкүнүч эле болот, башка пайдасы жок музыканын,
0
zahira
2017-11-15 11:08:06
Dalil,Созунузго кошулам ушундай макалаларды чыгарбай эле коюшса жакшы болмок. Анан олум алдында Куран аяттарын угуп, калиманы айтып бул дуйнодон узаган миндеген шедевр музыкаларды уккандан жуз эсе жакшы жана бакыт деп эсептейм, себеби баардык эле жанга калиманы айтып дуйнодон отуу насип эте бербейт экен окунучтуусу :(
+16
O.dembele
2017-11-15 11:21:14
Музыканы уккучанар Ла Илаха илла Ллах Мухаммаду-р- Расулуллах деп койгула олум женил болот
+16
gulmi
2017-11-15 15:08:04
O.dembele,олуп коргондой айтасыз го
-8
usta_kg
2017-11-16 21:09:10
O.dembele, туура айтасың, ошол калиманы айтышты баарыбызга насип кылсын,
0
Bek_abad
2017-11-15 14:00:22
Эми бироо олуп атса музыка эле жетпей турат....
Адам олгондо жан теринин ар бир клеткасынан чыгып азап болот ага кантип музыка жаксын...
+4
usta_kg
2017-11-16 21:19:28
негизи эле, өлүм төшөгүндө жаткан адамды, музыка мн азгырыштын өзү чоң күнөөлөрдүн бири, анткени ал келмени келтире албай кыйналышы да мүмкүн, анан кайра аны алаксытып жатканы эмнеси. ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан