Бүгүн, 15-ноябрда 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча чечимдин долбоору кабыл алынды.
"2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясы ырааттуу экономикалык өсүшүнө, татыктуу жумуш орундарын түзүлүшүнө багытталган долбоор болуп эсептелет. Долбоор өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, экспорттук потенциалын күчөтүүнүн жана инновациянын сапатын жакшыртуунун эсебинен элдин татыктуу жашоосуна шарт түзөт", - деп долбоордо жазылган.
Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча отурумга президент Алмазбек Атамбаев, президенттик шайлоодон жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков катышты.