ЖЫЛНААМА, 17-НОЯБРЬ: Бүгүн Студенттердин эл аралык күнү

Студенттердин эл аралык күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында Студенттердин дүйнөлүк Конгрессинде бекитилген.

Эң алгачкы жолу 1939-жылдын 28-октябрында Чехословакияда студенттер менен жогорку окуу жайдын окутуучулары көчөгө чыгып демократияны, Чехославакиянын түптөлүшүн майрамдашмак болушкан. Бирок демонстрация баскынчылар тарабынан токтотулуп, андагы студенттер менен окутуучулар куулуп, жыйынтыгында медициналык факультеттин студенти Ян Оплеталга ок тийип, ал каза болгон. Мындан улам Яндын сөөгүн жерге беришкен соң 15-ноябрь күнү жаштардын нааразычылыгы өсүп отуруп көтөрүлүшкө айланган.

Ал эми 17-ноябрь күнү таң атпай гестапочулар менен фашисттердин коргоо бөлүмү студенттердин жатаканасын курчоого алышып, 1200 студентти Заксенхаузендеги концлагерге камап, анын арасынан 9 күнөөсүз студентти эч себеби жок эле өлүм жазасына тартышкан.

Ушундай жүрөктүн үшүн алган окуядан кийин Гитлердин буйругу боюнча Чехословакиядагы бардык жогорку окуу жайлар согуш бүткөнчө жабылган.

Учурда Чехияда бул күн мамлекеттик майрам катары белгиленет. Ал эми башка мамлекеттерде, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө расмий майрам болуп саналбаса да, 1990-жылдардан бери студенттер арасында ири майрам катары кабылданып, белгиленип келет.

Студенттер тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Япониялык студенттердин көбү шоколад ийгилик алып келерине ишенишет. Мындан улам экзамен алдында ар дайым шоколадды суроо узата турган мугалимдин алдына коюп коюшат;
  • Окуу жайга тапшыруу алдында турган балдар-кыздарды абитуриент деп атайбыз. Бул сөздү латын тилинен которгондо "кетүү, бүтүрүү" дегенди түшүндүрүп, мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөргө карата айтылат;
  • "Студент" сөзүн алгачкы жолу байыркы римдик акын Овидий колдонгон. Латын тилинен которгондо, "студент" - талыкпастан иштеген, аракети күч адам;
  • Чет элдик окуу жайларда таң калычтуу салт бар. Тагыраагы, студенттер сессия учурунда сыртка чыгып 5-10 мүнөттөй катуу үн чыгарып кыйкырып алышса болот. Бул көнүгүү алардын чарчоосун жоюуга жардам берет;
  • Дүйнөдөгү эң узун шпаргалканын узундугу 600 метр. Студенттер аны жасоо үчүн 16 саат коротушкан;
  • Студенттер арасында кенен жайылган ишенимдер: экзамен алдында баш жуубоо, бут кийимине тыйын салып коюу, уктаар алдында маалымат жазылган дептерди же китепти жаздыктын астына коюп жатуу;

17-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bek_07
2017-11-17 10:45:03
Майрамыныздар менен!
+1
beknur95
2017-11-17 13:57:50
Майрамыныздар менен студенттер...Окуунарды ийгиликтуу аяктап эл керегине жараган чыгаандардан болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан