14-ноябрь күнү КРнын Вьетнамдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дүйшөнкул Чотонов Ханой шаарында Вьетнамдын президенти Чыонг Тан Шангга Ишеним грамота тапшырды. Иш-чарада Вьетнам президенти тарых менен убакыттын сынынан өткөн кыргыз-вьетнам мамилесин жогору баалай турганын билдирди. Ал эми Дүйшөнкул Чотонов анын жылуу сөзү үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптын достук мамилеси мындан ары да өнүгө берерин айтты.