Өлкөгө киргизилген буудайды кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө мыйзамды кабыл алууга 2016-жылы Жогорку Кеӊештин 3 депутатынын кызыкчылыгы болгон. Жогорку Кеӊештин бүгүн, 9-ноябрдагы жыйынында "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов ушундай билдирүү жасады.
"Стенограмманы көтөргүлө, ушул мыйзам кабыл алынып жатканда каршы чыккам. Бул мыйзамды кабыл алууга тегирмени бар 3 фракциянын кызыкчылыгы болгон. Кимдерде тегирмен бар, айталы. Күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керек", - деди Сулайманов.
Эскерте кетсек, Алтынбек Сулайманов 2016-жылы парламент жыйынында буларды айткан:
"Бүгүнкү күндө спирт чыгаруучу ишканалар 3 алкомагнаттын колунда. Биз алардын демилгелерин дайыма колдоп келебиз. Анда өлкөдөгү ири бизнести 5-6 депутатка бөлүштүрүп берели. Спиртти эки-үч кишиге, мунайды бирөөнө, дары-дармекти жана курулушту дагы башкасына ачык эле монополия кылып берели. Курулуш тармагын “Авангард” ишканасына, спирт ичимдиктерин “Аю” ишканасына берели. Ун өндүрүшүн Чыныбай Акунович менен Бакыт Эргешович алсын. Мына ушундай атайын киргизилген чектөөлөр аркылуу ири ишкердикти беш-алтооң эле бөлүп алгыла анда".