Парламентте "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов 2016-жылы өлкөгө буудай импорттоодон кошумча нарк салыгын алып салууга Жогорку Кеӊеште кайсы депутаттар кызыкдар болгонун айтты.
"Мыйзамды өткөрүүгө мурдагы спикер (ред. Чыныбай Турсунбеков), азыркы спикер (ред. Дастан Жумабеков) кызыкдар болгон. Жалаӊ төрагалар кызыкдар болуп жатса, кантип өтпөйт. Ошондой эле "Өнүгүү-Прогресстин" депутаттары колдоп өткөрүшкөн. Мыйзамды "Кыргызстан" фракциясынан экономика министри болгон Арзыбек Кожошев демилгелеген", - деди Сулайманов.
Мындан кийин спикер Дастан Жумабеков жооп кылды. "Мен бул мыйзамды элге ун арзандасын деп колдогом. Салыкты алып коюудан ун комбинаттарга эч нерсе деле калбайт", - деди төрага.
Алтынбек Сулайманов "азыр деле мурдагы пикирдесизби? Мыйзам туура кабыл алынган деп ойлойсузбу?" деди эле Жумабеков: "Мен пикиримди добуш берүүдө билдирем", - деген жооп узатты.
Башка депутаттар Жумабековдон ун комбинаты бар же жоктугун сурашты эле төрага "жок" деди.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеӊеште өлкөгө импорттолгон буудайга кошумча нарк салыгын кайра киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. Өкмөт өкүлдөрү 2016-жылы импорттолгон буудайды салыктын аталган түрүнөн бошотуу боюнча кабыл алынган мыйзам өлкөгө 500 миллион сом зыян алып келгенин билдиришти.