Президент Алмазбек Атамбаевдин 15-ноябрдагы билдирүүсүнө карата Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов пикирин билдирди. Чиновник Кыргыз президентинин сөзүн орунсуз деп эсептейт.
"Дипломат жана тышкы саясат боюнча мекеменин башчысы катары башка өлкөнүн президентинин билдирүүсүнө баа берүүм туура эмес деп эсептейм. Болгону Кыргыз президентинин билдирүүсү орунсуз жана эгемендүү өлкөнүн башчысынын статусуна ылайык келбей турганын айткан белгилүү саясат таануучунун пикирине кошулам", - дейт Абдрахманов.
Маалыматты Казакстандын ММКлары жарыялады.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБдеги укуктары Казакстандын өзүм билемдигинин айынан чектелип жатканын айткан. Ошондой эле президент Нурсултан Назарбаевдин дарегине сын-пикир билдирген.