Эсенкул Момункулов Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу кечээ, 16-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Өкмөт башчы агенттиктин эмгек жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды. Премьер-министр кол койгон буйрукка ылайык, аталган агенттик Экономика министрлигинен бөлүнүп, өз алдынча мамлекеттик орган болуп калган.
Белгилей кетсек, Эсенкул Момункулов 5-сентябрда премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалган. Ал жогорку билимдүү, 2008-жылы Гейдельберг университетин бүтүргөн. 2012-жылы АКШдагы Миннесота университетинде илимий кызматкер болуп эмгектенген. Буга чейин өкмөттүк аппаратта эксперт (2011-жылы), президенттик аппаратта инспектор (2013-жылы), өкмөттүк аппараттын жетекчисинин кеӊешчиси болуп (2015-жылы) иштеген.