Зимбабве аскерлердин көзөмөлүнө өткөн соң өлкөнү 33 жыл башкарган Мугабенин ордуна мурдагы биринчи вице-президенттин келери айтылууда

Бүгүн, 19-ноябрда Зимбабвенин президенти Роберт Мугабенин кортежи Хараредеги резиденциядан чыгып кеткени айтылууда. Чет элдик маалымат каражаттары кортежде Мугабенин бар же жогу белгисиз экенин жана аскерлер чогулган элди тосуп, кортежге жакындатпаганын жазышты.

"Зимбабве африкалык улуттук союзу - Патриоттук фронт" аталышындагы башкаруучу партиянын билдирүүсүндө Роберт Мугабени кызматтан кетирүү процесси башталганы жана партияны башкаруу укугунан ажыратылганы айтылат. Партиянын жаңы лидери болуп, мурдагы биринчи вице-президент Эммерсон Мнангагва дайындалган.

Президент Мугабе бир аз күн мурун эле Эммерсон Мнангагваны кызматтан алган эле. Жергиликтүү басылмалар кийинки президент Мнангагванын болорун жазышууда.

Айта кетсек, 14-ноябрь түнү Зимбабвенин борбору Харареде аскер кызматкерлери оор техникалар менен бир катар мамлекеттик мекемелерди көзөмөлгө алышкан. Кийинки күнү өлкөнүн президенти 93 жаштагы Роберт Мугабе жана 52 жаштагы аялы Грейс Мугабе кармалып, үй камагына алынган болчу. Зимбабвенин аскер кызматкерлери өлкөдөгү окуяны "аскерий төңкөрүш" деп атоодон баш тартышып, президенттин айланасындагы “кылмышкерлерге” каршы операция деп аташкан.

93 жаштагы Роберт Мугабе отуз жылдан бери Зимбабвени башкарып турган. Ага чейин дагы жети жыл өкмөттү жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
cfif03748
2017-11-19 20:45:44
Бийликке жармашып алган экенда.
+1
FIFA17
2017-11-20 00:46:27
Бул өлкө африканын каягында? Алардын төңкөрүшүнүн бизге не кереги бар?.
0
1Adilet1
2017-11-20 07:35:19
FIFA17,Биздин төңкөрүштөр деле убагында ушинтип башка өлкөнүн жаңылыктаарына чыкса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан