Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе кызматтан кетүүдөн баш тартты

Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе отставкасын жарыялоодон баш тартты. Ал өлкө элине кайрылуу жасап, декабрь айында башкаруучу партиянын съездин өткөрүүнү убада кылды.

Роберт Мугабе кайрылуусунда быйыл декабрь айында "Зимбабве африкалык улуттук союзу - Патриоттук фронт" аталган башкаруучу партиянын съездинде төрагалык кыларын айткан.

Буга чейин аталган партиянын борбордук комитети Роберт Мугабени төрагалыктан алып салуу чечимин кабыл алган. Партиянын борбордук комитети бул кадамдан кийин Роберт Мугабе отставкасын жарыялайт деп күткөн.

Партиянын борбордук комитети Зимбабвенин президенттигине мурдагы вице-президент Эммерсон Мнангагванын талапкерлигин сунуштаган.

Белгилей кетсек, Зимбабве аскерлери өлкө башчысы Роберт Мугабени 14-ноябрдагы баш аламандыктардан кийин камакка алышканын жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан