27-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында башталган митинг бүгүн, 31-майда көпчүлүк күтпөгөн курч окуялар менен коштолду. Аймактагы абалдын коопсуздугун көзөмөлгө алган милиция кызматкерлери менен митингчилердин ортосунда кагылышуу чыгып, 50дөн ашык адам жаракат алды. Алардын ичинен 15и милиция кызматкерлери. 30-майда митингчилер Тамга айылындагы подстанцияга бастырып киришип, "Кумтөр" ишканасына электр жарыгын берүүнү өчүрүшүп, кайра эртеси сүйлөшүүлөр жолу менен ишканага электр энергиясын берүү калыбына келген болчу. Бүгүнкү окуялардан кийин аймакка КРнын Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов барып, митингдин активисттери менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардын койгон талаптарын аткарууга 20 күндүк мөөнөт сурады. Бирок тургундар буга макул болбой, кайрадан "Кумтөргө" берилчү электр жарыгын өчүрүп салышты. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 10-июнга чейин Жети-Өгүз районуна өзгөчө кырдаал киргизилди. Болуп өткөн окуяларга байланыштуу айрым адамдардын оюн билдик.
"Кумтөрдө" болуп жаткан окуялар Кыргызстанга кооптуу абал жаратышы мүмкүнбү?
Мавлян Аскарбеков, жаш активист:
- “Кумтөр” маселеси Кыргызстанда 20 жылдан бери кооптуу абал жаратып келген, азыр да жаратат. Бул маселе боюнча 2 парламент тараган, Насирдин Исановду өлтүрүшкөн. 2010-жылдан бери бул маселе чечилбей, бир топ нааразычылыктар болуп өттү жана азыр дагы уланууда. Маселенин баары бийлик башындагы адамдарда, же ары кылышпайт, же элге чечишпейт, создуктуруп, сүйрөп жатышат. Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев, Жантөрө Сатыбалдиевдер бул маселени чече алышпайт. Себеби убагында булар чоң кызмат ээлеп, депутат да болуп жүрүшкөн. “Кумтөр” маселеси боюнча элдин нааразычылыгы күчөп, башка кен байлыктар боюнча элдер кошулуп, чоң тополоңго алып келиши мүмкүн. Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй жергелеринде иштетүүчү компаниялар менен тирешүү чоң.
Кусейин Исаев, эксперт:
- Эгерде бул маселе боюнча парламент жана өкмөт чечкиндүү чара көрбөсө, сөзсүз түрдө өлкөдө кооптуу абал жаралат. Ысык-Көлдө болуп жаткан митингдегидей эле Талас облусунун эли, Баткен облусунун эли да көтөрүлүшү мүмкүн. "Ысык-Көлдө эл жаракат алып жатыптыр, кээ бирин камаптыр" деген маалыматтар бар, мунун кандай пайдасы бар? Эч кандай пайда алып келбейт. Себеби зордук-зомбулук менен парламент жана өкмөт маселени чече албайт. Бул жерде сабырдуулук кылып жана чындык менен элге баарын түшүндүрүү керек. Баарын ачыкташы керек. Мисалы, 1994-2003-2009-жылдардагы келишимдерде кандай катачылык болгон? Кыргызстанга “Кумтөр” канча зыян алып келген, аларга ким күнөөлүү, ушунун баары ачыкка чыкканда жана тиешелүү кишилер өз жазасын алганда гана эл тынчыйт. Себеби мамлекеттин ээси – эл. Ошондой эле эл түшүнүктүү, бирок алардын катмар-катмар болгон маселеси бар. Эл менен ойногонго болбойт.
Талантбек Узакбаев, ЖКнын депутаты:
- Учурда кооптуу абал жаралып эле калды. Жети-Өгүз районунун айылдарынын кээ бир тургундары жолду жапса, кээ бири аны жаппагыла деп жатышат. Ушунун өзү эле кооптуу абал да. Депутат катары айтсам, бизге алтындан, акчадан дагы элдин ынтымагы маанилүү. Эзелтен бери куда-сөөк болуп жүргөн элдер бири-бирине каршы болуп, эки ача пикирди айтып турушу - өлкөдөгү эң коркунучтуу абал. "Кээ бир аймактардан дагы элдер кошулат экен" деген маалыматтар болуп жатат. Бирок жол тосуу менен маселе чечилбейт, түз отуруп, жай сүйлөшүү керек. Жол тосуу туңгуюкка, орусча айтканда, “тупикке” алып барат. Ал эми элдин коюп жаткан талаптары өтө деле катуу эмес, жүйөлүү талаптар. Ал эми жолдордун оңдолбогону, таза суунун жоктугу жана башка социалдык маселелер 20 жылдан бери келе жатат. Албетте, аталган маселелер чечилет. “Кумтөр” маселеси сөзсүз түрдө Кыргызстандын, кыргыз элинин пайдасына чечилерине ишенем.
Марат Казакбаев, саясий эксперт:
- Албетте, кооптуу абал бар. Бирок бул, менин оюмча, чагымчыл иш, провокация. Эл социалдык талаптарды коюшууда, ушул күнгө чейин "Кумтөр" канча акча, жардам берди. "Кумтөрдү" кетирсек, башка инвестор келбейт. Ал эми жаңы келишим түзүү боюнча өкмөт да сүйлөшүүлөргө барат. Митингди өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузууну каалагандар уюштурушууда. Балким, интернет булактарында жазылып жүргөндөй Бекназаровдун аракети.
Жоомарт Сапарбаев, ЖКнын депутаты:
- Кооптуу абалды жаратышы мүмкүн болуп турат. Албетте, өкмөт ыкчам чечимдерди кабыл алышы керек. Баары мыйзам чегинде болушу керек. Ал эми митингчилердин көтөрүп жаткан маселеси туура. Ал келишимди денонсациялоону биз да парламентте караганбыз.