Бүгүн ЖКнын Коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында "Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам каралбай калды. Буга Ички иштер министри Шамиль Атахановдун жыйынга келбей койгону себеп болду. Депутат Исмаил Исаков министрдин келбегенин сынга алып, муну "депутаттарды сыйлабагандык" деп баалады. Депутаттын айтымында, эгер ооруп калып жыйынга келбей калса, анда тиешелүү документин жибериш керек.