Мындан 4 жыл мурун жоголгон кеме Американын Калифорния штатынын жээгине сүзүп келди

Мындан 4 жыл мурун белгисиз жоголгон кеме Калифорния штатынын жээгине сүзүп келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады. Маалыматка ылайык, Американын Калифорния штатына жакын жерге белгисиз кеменин калдыктары сүзүп келген. Кеменин калдыктарынын ичинде бири-бири менен тамактанган каннибал келемиштери табылган.

Жээкке сүзүп келген кеменин узундугу 89 метрди түзөт. Бул калдыктар совет мезгилинде курулган "Любовь Орлова" кемесинин калдыктары деп божомолдонууда. Белгилүү совет актрисасы Любовь Орлованын ысымы ыйгарылган бул кеме океанга 1976-жылы коё берилген. 2013-жылдын январь айында Канаданын Сент-Жонс жээгинен чыгып, Доминикан Республикасы көздөй башка кемеге чиркелип багыт алган. Бирок деңизге чыкканына эки күн болгондо кеменин чиркелген тросу үзүлүп кетип, кеме белгисиз жоголгон.

Кеме дайынсыз жоголгондон бери көптөгөн божомолдор айтылып, ал деңизге чөгүп кеткен деген маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
oscar
2017-11-21 08:49:29
Крысалардын ажалы жок экен
-3
lady_91
2017-11-21 09:55:33
Адамдар болгонбу канчоо болгону жонундо маалымат жокко
+7
Adi.Avazbekov
2017-11-21 12:25:32
Owshida adamdary jonundo jazgyla
+1
raykray
2017-11-21 20:13:11
Чиркелген кемеде эмне болгон, адам же-жук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан