ЖЫЛНААМА, 21-НОЯБРЬ: Бийликте турган адам кандай болуш керектигин өзүнүн эмгектеринде так, таамай айткан улуу Кытай ойчулу Конфуций каза болгон

Кытай философиясындагы конфуцийчилик багытка негиз салган байыркы Кытай ойчулу б.з.ч 479-жылдын ушул күнү Конфуций каза болгон.
Философ тектүү, бирок кедей үй-бүлөдө туулган. Өмүрүнүн көбүн Лу падышалыгында өткөргөн. Жаш кезинде аткаминер болуп иштеп, кийин Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда Конфуцийдин санат сөздөрү, аңгемелери окутулуп, жакын шакирттери топтолгон. Ойчулду "Өзгөрүштөрдүн китеби", "Ырлар китебинин" автору деп эсептешет, бирок анын көз караштарынын бир кыйла тагыраак булагы - "Аңгемелер жана ой жүгүртүүлөр" деген эмгеги болуп саналат. Мында Конфуцийдин жана анын шакирттеринин санат сөздөрү жазылган.
Ойчулдун айткандарында бийлик көйгөйү чоң орунду ээлейт. Анын пикири боюнча башкаруучулар элдин ишенимине ээ болууга жана аны өзүлөрүнүн жеке жүрүш-турушу менен тарбиялоого тийиш, анткени мамлекетти башкаруудагы ишке ашырылып жаткан формалар адамдардын жана жалпы эле коомдун адеп-ахлагына таасирин тийгизет.
Конфуцийдин саясий программасы коомдун бардык мүчөлөрүнүн тийиштүү милдеттерин аныктоо менен чектелет. "Падыша-падыша, букара-букара, ата-ата, уул-уул болууга тийиш" деген сөздөр анын девизи болуп эсептелет. Философ бардык чачыранды аймактарды бирдиктүү бир мамлекетке бириктирүүнү жактаган. Конфуцийчиликтин идеялары Кытайдын тарыхында андан ары өнүктүрүлүп, кийин ал мамлекеттик дин катарында таанылган.
Конфуцийдин кеңири жайылган асыл ойлору:
"Татыктуу адам башкалардын изи менен кетпейт";
"Сабырдуу адам аз жаңылат";
"Эртең менен акыйкатты билсең, кечинде бул жашоодон кете берсең болот";
"Эскиге кайрылып, андан жаңы нерсени таба алган адам устат деген атка татыктуу";
"Өзүңө катаал, башкаларга жумшак бол. Мындай кылуу менен адамдардын жек көрүүсүнөн сактанасың";
"Бийик даражалуу кызмат ордум жок деп тынчсызданба. Сен ошол кызмат ордуна татыктуумунбу деп ойлон. Мени башкалар тааныбайт деп күйпөлөктөбө. Сен алардын билүүсүнө татыктуусуңбу – мына ушуну ойлоп тынчсыздан".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eldar96
2017-11-21 19:36:43
Мыкты гана накыл создор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан