Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 8 миллион 404 миң 248 сом каражат жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, инаугурация 24-ноябрда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтөт. Иш-чарага 450 адам чакырылды. Салтанаттын сценарийи бүгүн бекитилди. Сооронбай Жээнбеков ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү берилет.
Ошол күнү Бишкекте жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Автоунаа кыймылына чектөөлөр Чыӊгыз Айтматов, Манас жана Чүй проспектисинде болот. Мындан башка көчөлөрдө да болушу мүмкүн. Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жарандарды жаралган ыӊгайсыздыкка туура түшүнүүгө жана баруучу жерге ыӊгайлуу башка көчөлөрдү алдын ала пландап алууга чакырды.
Буга чейин Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 13,1 миллион сом жумшалары жөнүндө маалымат тараган эле. Андан кийин президенттик аппарат инаугурацияга аталган суммадагы каражат жумшалбай турганын билдирген.