Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе кызматтан кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 21-ноябрда жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, президенттин арызын өлкө парламентинин төрагасы Якоб Муденда окуп берген. Аны депутаттардын көпчүлүгү кубануу менен кабыл алышкан. Мугабенин кайрылуусунда, бийликти тынч өткөрүп берүү үчүн өз эрки менен отставкага кетип жатканы айтылган.
Бүгүн өлкөнүн парламенти президент Роберт Мугабеге импичмент жарыялоо чечимин кабыл алышкан. Ага ылайык өлкө башчы 24 сааттын ичинде кызматтан өз эрки менен кетиш керек болчу.
Буга чейин Мугабе отставкага кетүүдөн баш тартып, башкаруучу партиянын лидерин шайлоону талап кылган. Ошондой эле ал эгер жеңилип калса гана бийликтен кетерин жана ал жалгыз легитимдүү башкаруучу экенин айткан.
Айта кетсек, 14-ноябрь түнү Зимбабвенин борбору Харареде аскер кызматкерлери оор техникалар менен бир катар мамлекеттик мекемелерди көзөмөлгө алышкан. Кийинки күнү өлкөнүн президенти 93 жаштагы Роберт Мугабе жана 52 жаштагы аялы Грейс Мугабе кармалып, үй камагына алынган болчу. Зимбабвенин аскер кызматкерлери өлкөдөгү окуяны "аскерий төңкөрүш" деп атоодон баш тартышып, президенттин айланасындагы “кылмышкерлерге” каршы операция деп аташкан.
93 жаштагы Роберт Мугабе отуз жылдан бери Зимбабвени башкарып турган. Ага чейин дагы жети жыл өкмөттү жетектеген.