Өткөн суткада өлкөдө 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнь күнү ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнөн билдиришти. Айта кетсек, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 жана Ош облусунда 2 өрт кырсыгы болуп, адам өмүрүнө зыян алып келген эмес.