Сүрөтчү Гапар Айтиевдин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды
Бүгүн Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде СССР жана Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин чыгармаларынан турган юбилейлик көргөзмө ачылып, ал 1-ноябрга чейин уланат. Иш-чара сүрөтчүнүн туулган күнүнө 100 жыл болгондугуна арналган. Көргөзмөгө Гапар Айтиевдин чыгармачыл жашоосунун түрдүү жылдарында тартылган 27 живопистик картинасы менен ал тарабынан жасалган 2 скульптуралык иш коюлат. Көргөзмөгө улай 25-октябрь күнү "Гапар Айтиев - биринчи кыргыз сүрөтчү" деген аталышта илимий конференция болот.