Орусиянын белгилүү опера ырчысы Дмитрий Хворостовский 55 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ырчы бүгүн, 22-ноябрда чет өлкөдөгү ооруканалардын биринде көз жумган. Буга чейин анын баш сөөгүндө шишик бар экени аныкталып, ал аталган оору менен күрөшүп келген.
"2,5 жылдан ашуун убакыт оору менен алышып келип, бүгүн 55 жашында дүйнөдөн кайтты. Биз бир гана мыкты ырчыны эмес, күйөө, ата, мээримдүү инсанды жоготтук", - деп билдиришкен анын жакындары.
Дмитрий Хворостовский 1962-жылы 16-октябрда туулган. 1982-жылы музыкалык окуу жайды аяктап, ошондон тарта чыгармачылыкка киришкен. Быйыл орус өлкө башчысы Владимир Путин тарабынан "Ата-журтка сиңген эмгеги үчүн" IV даражадагы сыйлыгы менен сыйланган.