Бишкекте жол коопсуздугу боюнча улуттук форум өтүүдө

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарында "Жол коопсуздугу жана жоопкерчилик багыттары" аталышындагы улуттук форум өтүүдө. Форумга катышкан өкмөт мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдар, автомектептердин өкүлдөрү жана укук коргоочулар жол кырсыктарынын көбөйүүсүнүн себептерин талкуулашууда.

"Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова билдиргендей, катышуучулардын талкуусу бүткөндөн кийин жол кырсыктарын азайтуу тууралуу сунуштар айтылат.

"Форумдун катышуучуларынын талкуусу бүткөндөн кийин жол коопсуздугу жана айдоочулардын жоопкерчилиги тууралуу сунуштар айтылат. Соңунда резолюция кабыл алынып, сунуш катары өкмөткө жиберилет. Жол кырсыктары ушул жылдын ноябрь айында болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Ошондуктан бул маселе тез аранын ичинде чечилиши керек!" - дейт Чынара Касмамбетова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dosym
2017-11-23 10:58:17
Эмиби түштөн кийин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан