Бүгүн, 24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө өтүп жатат.
Анда Жээнбеков ант берди. “Мен президенттик кызматка киришип жатып, Кудайдын жана элдин алдында адилеттүү иш алып барууга, жарандардын укугун коргоого, элибиздин биримдигин, коопсуздугун сактоого ант берем", - деди.
Ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылды. Иш-чарада үч ирет артиллериялык залп атылды.