Сооронбай Жээнбеков: "Адилетсиз башкарууга биз эч качан баш ийген эмеспиз"

Бүгүн, 24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө өтүп жатат.

Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө ага колдоо көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылык билдирди.

"Кылым карыткан кыргыз журтунда эзелтеден бийлик ээси эл болгон. Кыргыздар эркиндиктен жогору эч нерсе жок. Адилетсиз башкарууга биз эч качан баш ийген эмеспиз. Кыргыздар адилеттүүлүк үчүн өмүрүн берген. Аксы окуясында, 2010-жылдын 7-апрелинде буга дүйнө күбө болгон. Мени кыргыз кылып, Кыргыз жараны кылып жараткан Кудайга чексиз ыраазымын. Ата Журтумдун, элимдин алдында башымды ийип, таазим этем!" - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан