Мексиканын Мехико шаарында 29-ноябрдан 7-декабрга чейин өтө турган пауэрлифтинг боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна Кыргыздын атынан 5 спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке "Рио-2016" олимпиада оюндарына катышып, 5-орунду ээлеген Эсен Калиев жана 6-орунду ээлеген Жыргалбек Оросбаев катышат. Кыргыз курама командасы Мексикага 29-ноябрда сапар тартышмакчы.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
54 килограммга чейинки салмак ченинде: Эсен Калиев;
72 килограммга чейинки салмак ченинде: Максат Аргымбаев;
88 килограммга чейинки салмак ченинде: Сагынбек Махаматкул уулу;
97 килограммга чейинки салмак ченинде: Адилет Камчыбеков;
107 килограммга чейинки салмак ченинде: Жыргалбек Оросбаев;
Башкы машыктыруучу: Аднан Жабраилов.