Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде дзюдо боюнча өлкө чемпиондугунун ачылыш аземи өтүп, мелдештер старт алды.
Анда Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагынан дзюдочулар келип, өлкө чемпиондору наам үчүн күрөшүүдө. Мелдешке жалпысынан 303 спортчу катышып, 14 медалдар топтому үчүн күч сынашууда.
Бүгүн мелдештин алкагында эркектер 3 салмак категорияда (60, 66, 73 килограммга чейинки салмак категориялары), ал эми кыздар болсо 4 салмак категорияда (48, 52, 57 жана 63 килограммга чейинки салмак категориялары) күрөшүүдө.