"Күүгүм" тасмасы аркылуу таанымал америкалык актёр Келлан Латс бойдокчулук менен коштошту

"Күүгүм" тасмасындагы Эммет Каллендин ролу менен таанымал америкалык актёр Келлан Латс бойдокчулук менен коштошуп, сүйүктүүсү Бриттани Гонсалес менен үй-бүлө курду. Бул маалыматты Гонсалес өзү интернеттеги социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу сүйүнчүлөгөн.

"Бул жыл мен үчүн өзгөчө. Анткени жаңы жашоо башталды. Жолдошум менен бирге кадам шилтеген жаңы үй-бүлөлүк жашоо", - деген ал.

Белгилей кетсек, түгөйлөр 1 жылдан ашуун убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 2 ай мурун актёр сүйүктүүсүнө үйлөнүү сунушун киргизген. Чет элдик басылмалардын жазып чыкканына таянсак, заманбап үлпөт той жакынкы күндөрү Пуэрто-Рико же Гавайиде өтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tyty1990
2017-11-26 12:34:42
Сага да майтыфон
+1
Ferdews
2017-11-26 13:07:44
Tyty1990,элдин баарына эле майтыфон бере бериптирсизго))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан