Көптөр белгилүү ырчы Алла Пугачёванын дайыма жасанып, өзүнө кам көрүп жүргөнүнө көнүп алышкан өңдөнөт. Себеби анын эч кандай косметиканын жардамысыз журналисттерге маек берип жаткан учурда тартылган сүрөтү интернет желесине суудай тарап, ал көптөрдү таң калтырбай койгон жок.
Тактап айтканда, ырчы НТВ телеканалынын "Ты не поверишь" берүүсүнө маек берген. Анда жакында эле жолдошу Максим Галкин менен никелешкени тууралуу кеп кылышкан. Маек учурунда тартылган ырчынын боёксуз сүрөтү дароо эле интернет айдыңына тарап, күйөрмандарынын ар түрдүү сын-пикирлерине кабылган. Анда айрымдар "Пугачёванын келбети жакшы эмес, ден соолугу да начар окшойт" деп жазышса, кээ бирлери ырчынын 68 жашта экенин баса белгилешип, келбети өз курагына жараша турганын жазышкан.