ЭЛДИК ВИДЕО: Кайрат Примбердиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дагы бир ырын аткарды

Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө ырчы Кайрат Примбердиевдин аткаруусундагы сөзү, обону экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык "Күзгү вальс" ырынын видеосу жүктөлдү. (Ник: Latyshka)

Ырдын таржымалы тууралуу маалымат алуу үчүн ырчынын жубайы жана менеджери Эльвира Бегалиева менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.

"Ырдын бет ачары бүгүн, 26-ноябрда болуп өттү. Клип жана ыр боюнча азырынча эч кандай комментарий бере албайбыз", - деди ал.

Эске сала кетсек, ырчы Кайрат Примбердиев буга чейин экс-президент Атамбаевге таандык "Рита", "Судьбе назло" ырларын аткарган.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Stervashka
2017-11-26 17:40:42
Аябай уккулуктуу ыр экен, жакшы аткарыптыр.
-5
pixduel1
2017-11-26 17:40:49
Эльвира озунчо эле бир звезда боло берет!Коп интервюларында Кайратты убагында эл колдогон эмес тияк бияк деп эле! Убагында азыркыдай аракет кылса колдойбу?Азыр деле не айс! Кайратты мен колдодум,тигинттим мынттим дебей эле койсон боло,биринчиден ал сенин куйоон,экинчиден бул силердин кызыкчылыгынар! Асманда учуп чон суйлоп элдин кыжырын келтирбечи!
+18
sai91kg
2017-11-26 17:54:23
Тим эле койбоптурда эми озунун колу бошоду озу ырдайт болчу бир айлап концерт койуп
+14
madrid7000
2017-11-26 18:05:35
АШАдан башкасыныкын эле ырдачы чырагым!
+8
sai91kg
2017-11-26 18:06:02
Коп ырдай бербегиле гимнге сунуштап журбосун аша
+23
futboler
2017-11-26 19:23:08
Кеч калбадыңбы
+4
Dembele84
2017-11-26 19:25:55
Алмаз байкенин колу да бошоду,дуэт чыгарып,чогуу гастролдоп шоу бизнеске тартып кетчи.Саясатка мындан ары аралаштырбай сураныч Кайрат!
+23
kechirmeni
2017-11-26 19:31:41
Болду кылгыла эми Ашанын доору отту го дагы деле ХХХХХХХ
+4
Scorpi09
2017-11-26 20:09:17
))))
0
Adiletgo
2017-11-26 20:16:30
Алмазкамин ырлары кобойгондон кобойуп эле барататго болсонор Алмазкамдай болгула "Баарын жууп кетирген":-):-D
-5
Bekovich76
2017-11-26 20:24:57
Кайрат жооооон эле журсон потхалим болбой ашаны продюссер кылып ал
+10
Matahara1980
2017-11-27 00:49:22
Bekovich76, Наам умут этип ататко
0
tursunbaev78
2017-11-27 03:49:05
Matahara1980,алдыго наамды эмгек сиңирген артист ошону актап атса керек да
0
Jigit86
2017-11-26 20:28:02
Кайраттын талантына баа берем,Алга Кайрат!!!Бул жакта комент жазгандарга айтарым,умут кылгыдай Кайраттын наны жок калыппы дегендей?Ырдагысы келди,ырдады эмнеси бар экен.
-1
Begim94
2017-11-26 20:56:18
Кайрат жакпай калды.Ыр такыр жаккан жок балп этире жазгандай
+1
asad9
2017-11-27 02:34:48
Өзүңөр кыла албайсыңар Бирөө кылса көрө албайсыңар.
0
portugalia
2017-11-27 10:44:55
Жакпайт ушу Кайрат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан