20 жылдан ашык убакыттан бери сахнада жүрүп, Кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлүнө айланган Назира Жетигенова SUPER.KG порталынын кезектеги коногу. Ал бүгүн саат 15:00дөн тартып порталдын түз эфиринде кенен маек курат.
Назира Жетигенова куудул жана алып баруучу. Бала кезинен калкка таанылган адам болууну кыялданып, өжөрлүгү менен ал кыялын орундаткан.
"Мени белгилүү кылган Рахман Разыков уюштурган «Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы» деген сынак болду. Анан «Айылдык кыз» деген тамашам да популярдуу кылды. Кичинемде маскарапоз болгум келчү. Кайсы кесипти аркалашым мага маанилүү эмес эле,"эптеп эл көзүндөгү адам болом" дечүмүн. Максатыма жеттим", - деп билдирген ал "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде.
Эркек мүнөз бул айым учурда таене болуп, неберелерин тарбиялап жаткан учуру. Ал эки кыздын энеси.
Көп кырдуу таланттын ээси Назира Жетигенова "Жубайлар", "Симулянттар" жана башка бир катар тасмаларга, клиптерге да тартылып жүрөт.
Куудулдук жаатында эркектердин образын юмор аркылуу ийинине жеткире аткарган Назира Жетигенова "Дыңкы Кудагый" сатирасында Мерген Турган менен куданын образын аткарып элди күлкүгө бөлөгөн. "Мурат мырза" сатирасында Ооган согушунун ардагеринин ролун аткаруу менен көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүп келет. Айтор көп жылдык чыгармачылык жолунда Назира айым тамада, алып баруучу, актриса, куудул катары элге өзүнүн талантын көрсөтө алды.
Өзгөчө ачык-айрым сүйлөгөн Жетигенова жеке жашоосу, ички сезимдерин тумандатпай ачык айтканы менен кээ бир эл алдында жүргөн адамдардан айырмаланат. Буга чейин ал 2 кызымды турмушка узатып андан кийин өзүм турмушка чыгам деп билдирип келген. Эске салсак, улуу кызы учурда 3 баланын энеси, ал эми көкүрөк күчүгү азырынча күйөөгө узай элек.
Назира Жетигенованын чыгармачылыгындагы, жеке жашоосундагы жаңылыктары, келечек пландары, ийгилик сырлары, бала чагы тууралуу кызыксаңыз суроо жөнөтүңүз. Сиздин суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.