Кечээ, 26-ноябрда Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өспүрүмдөр арасындагы "Евровидение" сынагы аягына чыкты. Сынакка жалпысынан 16 мамлекеттин таланттуу балдар-кыздары катышып, жыйынтыгында калыстар тобунун эң жогорку баасына татыктуу болгон орусиялык Полина Богусевич 1-орунга ээ болду. Ал эми 2-орунду грузиялык Григол Кипшидзе ээлесе, 3-орунду австралиялык Изабелла Кларк багындырган.
Белгилүү болгондой, сынакта жеңүүчү аталган Полина Богусевич буга чейин "Голос. Дети" долбооруна катышып, коомчулукка аты таанылган. Долбоордо белгилүү ырчы Дима Биландын командасында болгондуктан ал Полинанын жеңиши тууралуу өз оюн билдирген.
"Полина менин командамдагы эң күчтүү ырчылардын бири болчу. Ал өтө татаал ырларды да оңой эле аткарып коёр эле. Адам өзүнө берилген талантты туура колдонуп, жеңишти көздөй кадам шилтеп жатканын көрүү - кандай сонун", - деген ал.