Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. "Жарлыкка ылайык, элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 24-ноябрда президенттик кызматка киришүү аземинде Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевге өлкөдөгү даражасы эң жогорку сыйлык болгон “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин берүүнү убадалаган.
“Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиңирген эмгеги, Кыргыз Республикасынын эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматына баатырдык эрдик жасагандыгы үчүн ыйгарылат. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылат.