III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 307 миллион сомдон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кабарлайт.
Маалыматта айтылгандай, анын ичинен иш-чараны даярдоо үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 175 миллион, ал эми Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 132 миллион 200 миң сом каражат берилет. Анда белгилүү болгондой, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун секретариатын каржылоого 3 миллион 600 миң сом каражат каралган.
Эске салсак, 2016-жылы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө кеткен чыгымдар 3 миллиард сомдон ашкан. Анда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына жаңы ат майданы курулуп, Балыкчы-Корумду унаа жолдору оңдоп-түзөө иштеринен өткөн.
Ал эми 2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу өткөрүлүп, ага мамлекеттик бюджеттен 102 миллион 130 миң сом каражат жумшалган.