Учурда Орусиядагы "кара тизмеде" 92 миң Кыргыз жараны бар. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин отурумунда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.
"Кара тизмеге" кирген Кыргыз жарандарынын саны 180 миң болчу. Акыркы үч жылда бул сан эки эсе кыскарды. Орусияда 670 миң Кыргыз жараны жүрөт. Жеңил эреже бузууга барган жарандарды "кара тизмеден" чыгаруу маселесин ЕАЭБдин алкагында чечүү маселесин койгонбуз. Учурда бул маселе каралып жатат", - деди Айдаралиев.
Ал мигранттарды маалымат менен камсыздоо аракети жүрүп жатканын кошумчалады.
"Быйыл "мигранттарга маалымдама" деген долбоор ишке ашты. Чек ара постунда, "Манас"-Ош аэропортторунда атайын маалыматтык бурчтар уюштурулган. 20 миң маалымат кат чыгарып тараттык. Мындай маалымат каттарды, эскертмелерди жылына 150 миңге чейин чыгарууну пландаганбыз. Аэропортто биздин кызматкерлер өздөрү таратып жатышат", - деди Айдаралиев.