ЖЫЛНААМА, 27-НОЯБРЬ: "Дом-2" долбоору аркылуу элге таанылган орусиялык алып баруучу Виктория Боня 38 жашка толду

Молдаван улутундагы орусиялык алып баруучу, ди-джей, актриса Виктория Боня 1979-жылы 27-ноябрда Краснокаменск шаарында төрөлгөн. Ал 2 жашында атасы дүйнөдөн кайтып, апасы жалгыз тарбиялаган. 16 жашында апасы менен Москва шаарына көчүп келип, алгач тейлөөчү болуп эмгектенген. Кийин экономика багытында билим алууну каалап, ММУга тапшырып, аны менен катар моделдик бизнеске аралаша баштаган.

Атактуулукка 2006-жылы жеткен. Тактап айтканда, ушул жылы "Дом-2" аталышындагы теледолбоорго катышып, реалити-шоунун эң көрүнүктүү жылдызына айланган. Аталган долбоорго 338 күн катышып, андан соң орус телеканалдарынын бирине алып баруучу катары кирген. Ал гана эмес аз да болсо жүзү таанылып калган Боняны бир канча белгилүү журналдар фотосессияга чакырып турушкан.

Кийинчерээк белгилүү жылдыздардын клиптерине тартылып, көп өтпөй тасма жаатынан да өз күчүн сынап көргөн. Анын катышуусу менен "А мама лучше" фильми 2010-жылы жарык көргөн.

Карьерасынан сырткары кайрымдуулук менен алектенип, балдар үйүнө жардамын аябайт. Ошондой эле "Дом-2" долбоорунан кеткенден тарта диний көз карашы өзгөрүп, бат-баттан чиркөөлөргө барып сыйынып турууну адатка айланткан.

2010-жылдан тарта ирландиялык миллионер Александр Смерфит менен жарандык никеде жашаган. 2012-жылы Анжелина Летиция Смерфит аттуу кыздуу болушуп, бирок 2016-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкенин жарыялашкан.

27-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан