Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри менен актриса Меган Маркл баш кошууга убадалашканын кечээ, 27-ноябрда падышалык үй-бүлөнүн басма сөз кызматына таянып чет өлкөлүк басылмалар маалымдашты. Маалыматка таянсак, ханзаада Гарринин үйлөнөрүн Елизавета II жана падышалык үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө билдирип, алардын макулдугун алган. Андан тышкары сүйүктүүсү Мегандын ата-энесинин да алдынан өтүп, алардын ак батасын алган. Үйлөнүү үлпөтү 2018-жылдын жаз мезгилинде болмокчу. Ага чейин түгөйлөр Кенсингтон сарайынын аймагында жашашат.
Эске салсак, буга чейин падыша сарайындагы мурунку ашпозчу Даррен Макгрейди ханзаада Гарри менен анын сүйүктүүсү Меган Марклдын үйлөнүүгө убадалашканын жана ал тууралуу ушул жылдын декабрь айында гана коомчулукка билдирерин журналисттерге айткан эле.
Белгилей кетсек, ханзаада Меган Маркл менен 2016-жылдын жайында таанышкан. Экөөнүн ортосундагы сүйүү мамилесин Гарри 2016-жылдын ноябрында расмий түрдө ачыкка чыгарып, журналисттерди сүйүктүүсүнүн артынан түшпөөгө чакырган.