Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 27-ноябрдагы жыйынында “Балык чарбасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Демилгечи депутаттардын бири Осмонбек Артыкбаев мыйзам долбоору Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Суу көлүн балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен алып салуу максатында иштелип чыккандыгын айтты. Ал мындай демилгесин Кара-Суу көлүндөгү жылаңач осман балыгы сындуу мурдатан эле байырлап келген балык түрлөрүн сактап калуу, бул аймакка туристтердин келишин шарттоо, бул өрөөнгө жергиликтүүү элдин жайлоого чыгуусун камсыздоо менен байланыштырып, чечмелеп берди.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн 2016-жылдын 26-январындагы токтому менен Токтогул районундагы аянты 56826,4 гектарды түзгөн “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлгөн. Аталган Кара-Суу көлү анын курамына кирет. Бирок Кара-Суу көлү балык чарбасын ишке ашыруу максатында “Табият КГ” коомуна берилген.
Талкуунун жүрүшүндө айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев жана министрликтин балык чарба тармагы боюнча өкүлү Кара-Суу көлүн балык чарбачылыгынын көлү катары калтыруу боюнча пикирин билдиришти.
Алмазбек Акматов, Мирлан Бакиров баштаган комитет мүчөлөрү жаратылышты коргоого багытталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырууну сунуш кылышты. Жыйынга катышып отурган Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев бул жерде адам факторун, тагыраак айтканда, браконьердик факторду болтурбоо үчүн Кара-Суу көлүн жаратылыш паркында болуусу өтө зарыл деген ою менен бөлүштү.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.